Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Казакстанда Есил дайрасы ташыды


Есил дарыясынан ташыган суу Петропавловск шаарынын четиндеги Заречный айылында бир канча үйдү каптады. "Азаттыктын" казак кызматы айыл тургундары үйлөрүндө түнөөдөн кооптонуп жатканын кабарлады. Айылдагы дүөндөргө азык-түлүк жеткирүү кыйын болгондуктан өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал үчүн атайын техника уюштурду. Айылга барчу негизги жол да суу астында калып, шаар менен байланыш үзүлдү.

Буга чейин суу ташкын ыктымалдыгынан Түндүк Казакстан облусунун 8 районунда жана Петропавловск шаарында өгөчө абал жарыяланган. Мындай абал башталган 28-марттан бери аймактагы 30 конушта жүздөгөн үйлөрдү суу каптады.

XS
SM
MD
LG