20-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлерде болот. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,
Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 13...18,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 6...11, күндүз 14...19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 13...18,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 15...17.