Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Бишкек мэриясы лифттер боюнча тариф саясатын өзгөртөт


Бишкек мэриясы шаардагы кабат үйлөрдүн лифттери боюнча тариф саясатын кайра карап чыкмай болууда. Бул тууралуу бүгүн шаар башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеменин маалымат катчысы Гуля Алмамбетованын "Азаттыкка" айтымында, мэр Албек Ибраимов «Бишкеклифт» ишканасынын жетекчилиги менен жыйын курду. Ал лифттерди жаңылоого тургундар өзүлөрү да тиешелүү суммада акча чыгарып, катышуусу керек экенин айтты.

Бишкек үчүн лифт маселеси өзгөчө көйгөй. Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Бишкектеги көп кабат имараттарда жалпысынан 2,5 миңдей лифт бар. Алардын 1008ин "Бишкеклифт", калгандарын "Кыргызлифт", "Лифткомплект", "Лифтстройсервис" сыяктуу 5-6 жеке фирма тейлейт.

"Бишкеклифт" ишканасы караган лифттердин 70% эскилиги жеткен.

Ай сайын лифтке түшкөнү үчүн ар бир тургун орточо эсеп менен 20 сомдой акы төлөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG