Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Science Daily: Түндө иштеген эркектерге караганда аялдар мээси көбүрөөк жабыркайт


Түнкү нөөмөттө иштеген эркектерге караганда аялдардын мээси көбүрөөк жабыркайт деп жазат Science Daily басылмасы.

Уйкунун бузулуусу адамдын баш мээсине олуттуу таасир этип, эмоционалдык туруксуздук, жүрөк оорусу баштаган бир топ кыйынчылыкка жол ачат.

Британиянын Саррей аймагында атайын илимий изилдөө жүрүп, жергиликтүү ооруканада түнкү нөөмөттө иштеген 16 эркек, 18 аялдын саламаттыгы текшерилген.

Аларды түнкү нөөмөттөн кийин дароо башын электроэнцефаллограммага тартып, мээнин функциясы каралган.

Эркектерге караганда аялдардын баш мээсинде иштөө фазалары түнкү нөөмөттөн кийин бир кыйла начарлаганы байкалган. (BCh)

XS
SM
MD
LG