Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Жалал-Абадда түрк лицейинин 11 окуучусу тамакка ууланды


Бүгүн күндүзгү саат 11лерде 9-класстын окуучуларын, эркек балдарды ооруканага алып келишкен. Облустук клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Жаныбек Карабаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, балдардын бири үйүнөн колго даярдалган помидор салат алып келип достору менен бирге жеген.

Дарыгерлер аларга ботулизм дарты деген шек менен алгачкы жардам көрсөтүп, анализдерин текшерүүдө.

Азыр жабыркаган окуучулар жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. Абалы салыштырмалуу жакшы. (RsK)

XS
SM
MD
LG