Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Спикерликке талапкер Төрөбаев таза шайлоо үчүн президентке рахмат айтты


Былтыркы парламенттик шайлоо таза өткөнү үчүн президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылык билдирем деди ушу тапта спикерликке талапкер катары депутаттарды өз программасы менен тааныштырып жатып "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Биз Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайланып келдик, регионалдык, жердештик принциптерден арылдык деген Төрөбаев парламенттин алдында турган негизги максат деп элдин жашоосун жакшыртууну, Евразия векторуна көңүл бурууну атады.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк функциясын бекемдөө, шайлоочулар арасында ишти күчөтүү, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу керек экенин айтты.

"Эгер спикер болуп шайланып калсам фракциялар арасында депутаттарды саясий көз карашы үчүн оппозиция, позиция деп бөлбөйм" деди ошондой эле талапкер депутат. (RK)

XS
SM
MD
LG