Алматыдагы “Алтын ордо” базарында соода кылган ишкерлерге жардам берүү өтүнүчүн Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине жолдоду. Буга кыргызстандык ишкерлердин кайрылуусу негиз болгон. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан мурда ишкерлер өздөрүн казак президенти Нурсултан Назарбаевдин тууганыбыз деп тааныштырган адамдар базарга келип, акча сураганына нааразылык билдиришкен. Ошондой эле базар ээлери кыргызстандыктар ташыган картөшкөнүн ар бир килограммы үчүн акча төлөнүшүн талап кылып, ансыз киргизбей жатканын айтышкан эле. Кыргызстан былтыр августтан тарта Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болгон. Анын шарттары боюнча Орусия менен Казакстандын базарлары кыргызстандык ишкерлер үчүн ачык болууга тийиш. (NT)