Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Спикер шайлоо: Жыйынтыкты жарыялоо создугууда


Депутат Дастан Бекешовдун жазганы
Депутат Дастан Бекешовдун жазганы

Жогорку Кеңеште төрага шайлоо жараяны уланууда. Добуш берүү аяктады. Ким канча добуш алганын эсептөөгө берилген 15 мүнөттүк танапис дээрлик 1 саатка узарып кетмей болууда.

Депутат Дастан Бекешов Твиттерге жана Фейсбукка жазганына караганда ар бир талапкер тең добуш, тагыраак айтканда, 51/51ден алды.

Фракция лидерлери жарым саат мурда коридорго чогуу чыгып кеткен бойдон жыйындар залына кайра кире элек.

Спикерлик кызматка эки талапкер көрсөтүлгөн. Алар: «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев.

Кимиси депутаттардын 61 добушунан кем эмес колдоого ээ болсо, ошол шайланары айтылган.

Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG