НАТО Орусия менен мамилесин кайра калыбына келтирүүнү чечти. Эки жылдык тыныгуудан кийинки жолугушуу 20-апрелде Брюсселде өтөт.
- НАТО-Орусия Кеңешинин жолугушуусунун башкы максаты ой-пикир алышуу, айкындуулукка өбөлгө болуу жана Украинаны талкуулоо,- деди жолугушуу алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
Ошол эле учурда Орусия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков НАТО-Орусия ортосундагы ишенбөөчүлүктү жоюу кыйынга турарын белгиледи.
Эки тараптын кызматташтыгы 2014-жылы апрелде Орусия аскерлери Крымга басып киргенде токтогон. Акыркы жолу НАТО-Орусия 2014-жылдын июнунда жолугушкан.