Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Балыкчы-Корумду жолу боюнча депутаттык комиссиянын бүтүмү жарыяланат


Жол курулушу.
Жол курулушу.

“Балыкчы–Чолпон-Ата –Корумду” автожолунун курулушу боюнча өткөн тендердин мыйзамдуулугун текшерген депутаттык комиссия бүгүн өз корутундусун чыгарат. Аталган комиссия Бишкек шаарынан “Манас” эл аралык аэропортуна кетчү жолду оңдоо, малды идентификациялоо үчүн техникалык жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлердин да мыйзамдуулугун иликтеген.

Жол боюнча жарыяланган тендердеги мыйзам бузуулардын ачыкка чыгышы мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин кызматтан кетиши менен коштолду.

104 чакырымга созулган "Балыкчы – Корумду" автожолун оңдоого бюджеттен 6,8 млрд. сом бөлүнүп, тендерде жол курууга уруксаты жок “Лонг Хай” компаниясы мыйзамсыз жеңип алганы ашкере болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG