Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Швейцария Чүйдүн 17 айылына грант бөлдү


Чүй облусунун 17 муниципалитетине жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн гранттык жардам алууга сертификаттар тапшырылды. Ар бири 1 миллион сомду түзгөн сертификаттарды Швейцариянын Кыргызстандагы расмий өкүлүнүн орун басары Даниэль Мевли Монтелеон айым тапшырды.

Баары болуп конкурска Чүй облусундагы айылдык аймактардан жана Кемин шаарынан 31 арыз түшкөн.

Натыйжада 17 муниципалитет жеңүүчү деп табылып, алар жергиликтүү маселелерди чечүүгө жана жамааттын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Швейцария аталган долбоорго 2011-жылдан бери финансылык жардам берип келет.(RK)

XS
SM
MD
LG