Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Курчоодо калган Сириянын шаарларынан 500дөй адам чыгарылды


Сириядагы жарандык согуштун башталганына быйыл туура беш жыл болду.
Сириядагы жарандык согуштун башталганына быйыл туура беш жыл болду.

Гуманитардык уюмдар Сириядагы курчоодо калган шаарлардан 500дөй жарадар адамды алып чыгышты. Бул өткөн жылдын декабрынан берки эң чоң көрсөткүч. Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, чыгарылгандар шашылыш жардамга муктаж адамдар.

Алардын 250сү козголоңчулардын карамагындагы Ливан менен чек аралаш Мадайя жана Забадани шаарларынан чыгарылды. Калгандары өкмөттүк армиянын колундагы Фиш жана Кефрайа шаарларынан.

БУУнун өкүлү Ян Эгеланн бул процессти “алдыга жылуу” деп кубаттады.

Жарадарларды башка шаарларга көчүрүү операциясын БУУ, Эл аралык “Кызыл чырым” уюмдарынын колдоосу менен Сириядагы “Кызыл жарым ай” уюму ишке ашырды.

Сириядагы жарандык согуштун башталганына быйыл туура беш жыл болду.

XS
SM
MD
LG