Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтүн өзгөртүү каралууда


Жогорку Кеӊеште автоунаа жана турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын ишке кирүү мөөнөтүн узартуу сунушталууда. Бүгүн парламентте “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” жана “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктан милдеттүү камсыздандыруу” тууралуу мыйзамдарды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи депутаттардын айтымында, акыркы жарым жылда өлкөдө экономикалык кырдаал кескин начарлады. Мындай шартта жарандардын, өзгөчө жакыр бүлөлөрдүн чыгымы көбөйүп, алардын материалдык абалына терс таасир болушу ыктымал.

Ошондон улам автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-январына, ал эми турак жайлар боюнча мыйзамдыкын 2017-жылдын 1-январына жылдыруу сунушталууда.

Эки мыйзам тең былтыр, 2015-жылдын июль айында кабыл алынган жана быйыл февралдан тарта күчүнө кирген. (RK)

XS
SM
MD
LG