Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:33

Окуучулары ууланган лицей жетекчиси жазаланды


Окуучу балдардын тамактан ууланып калуусуна жол берилгендиги үчүн Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк эркек балдар лицейинин директору Эрхан Хожага сөгүш жарыяланды. Жалал-Абад шаардык эпидемияга каршы өзгөчө комиссиясынын чечимине байланыштуу ушундай чара көрүлгөнүн бүгүн "Азаттыкка" шаар мэриясынан билдиришти.

Лицейге сырттан тамаш-аш алып келинип, уулануу катталганына жетекчилик көзөмөлүнүн начардыгы себеп болгону айтылды.

Окуу жай жетекчиси күнөөнү моюнуна алып, мындан ары тартипти катуу кармарын билдирди.

19-апрелде лицейдин 9 окуучусу үйдөн келген салатты жегенден кийин ооруканага түшүп калган. Азар баарынын ден соолугу жакшы. (RsK)

XS
SM
MD
LG