Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Украинада мындан ары орусиялык фильмдер көрсөтүлбөйт


Украинанын президенти Петро Порошенко.
Украинанын президенти Петро Порошенко.

Украина президенти Петро Порошенко 2014-жылдын 1-январынан кийин чыгарылган бардык орусиялык тасмалардын өлкө аймагында көрсөтүлүшүнө тыюу салган мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, Украина аймагында Орусиянын мамлекеттик мекемелеринин ишин даңктаган 1991-жылдан бери чыгарылган тасмалар да көрсөтүлбөйт.

“Мыйзам Украинанын Улуттук коопсуздугун коргоонун деңгээлин көтөрүүгө, коомдогу жикчилдик маанайдын азайышына жана өкмөттүн аброюн бекемдөөгө өбөлгө болот”-деп жазылат документте.

Калктын басымдуу бөлүгү эки тилдүү болгондуктан орусиялык фильмдер жана телесериалдар Украинада өзгөчө белгилүү болуп келген.

Эки өлкөнүн алакасы 2014-жылы орусиячыл президент Виктор Янукович кулатылып, март айында Москва Крым жарым аралын аннексиялап алган соң бузулган.

XS
SM
MD
LG