Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Эр-Риядда Перс булуңундагы өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин саммити өтүп жатат


АКШ жана Перс булуңу кызматташтык уюмунун саммити.
АКШ жана Перс булуңу кызматташтык уюмунун саммити.

Сауд Арабиянын баш калаасы Эр-Риядда АКШ президенти Барак Обаманын катышуусунда Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин саммити өтүп жатат. Ак үйдөн маалым болгондой, бүгүнкү саммитте аймактык стабилдүүлүктү бекемдөө жана “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” сыяктуу экстремисттик топторго каршы күрөштү күчөтүү боюнча сөз болот. Ошондой эле Перс булуңундагы өлкөлөр менен Ирандын ортосундагы буга чейин курч болуп келген алаканы жакшыртуу маселеси да көтөрүлөт. Саммитке ошондой эле АКШнын коргоо министри Эштон Картер, мамлекетик катчы Жон Керри жана Улуттук коопсуздук боюнча президенттин кеңешчиси Сюзан Райс да катышууда.

Барак Обама шаршембиде Эр-Риядга келип Сауд Арабиянын падышасы Салман менен жолуккан. Обама жолугушууда сунни өлкөлөрүнүн коңшу Иран менен жакшы алакада болушун кааларын кыйыр түрдө билгизгенин АКШ президентинин кеңешчилери билдиришти.

Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешине Бахрейн, Кувейт, Оман, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары кирет.

XS
SM
MD
LG