Жапон өкмөтү Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик медициналык мекемелердин ишин жакшыртуу боюнча жардамын улантууда. Кечээ, 20-апрелде жапон элчиси өкмөттүн облустагы өкүлү Аскат Акибаев жана саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү менен жолукту.
Ошону менен катар Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна, жалпы Ысык-Көл облусунда, үй-бүлөлүк медициналык борборлордо тейлөө сапатын жакшыртуу долбоорлоруна 300 миң долларлык жабдык тапшырылды. (AsM)