Жогорку Кеңеште акыйкатчы Кубат Оторбаев 2015-жылы аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ал өз баяндамасында балдардын зомбулукка кабылышы, адам укуктарынын сакталышына басым жасады. Айрым эл өкүлдөрү “Вечерний Бишкек” гезитинин тегерегиндеги ызы-чуулар, “Чет элдик агент” тууралуу мыйзамга байланышкан иштерди акыйкатчы көз жаздымда калтырып жатат деген сындашты.
Кубат Оторбаев акыйкатчынын кызматына былтыр декабрда шайланган. (NT)