Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

КСДП өнөр жайдагы копсуздукту талкуулайт


Кыргызстан социал-демократтар фракциясы «Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкууга алат. Бүгүнкү жыйында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин маалыматы угулмакчы. Өкмөт былтыр ноябрда жактырган мыйзамда өнөр жай коопсуздугу жаатындагы техникалык жөнгө салуунун негизги жоболору камтылган. Опурталдуу өндүрүштүк аймактарда кырсыктардын алдын алууга жана анын кесепетин жоюуга багытталган. Кыргызстанда көбүнчө көмүр казуучу кендерде адам өмүрүн алган түрдүү кырсыктар катталып турат. (NT)

XS
SM
MD
LG