Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча БУУ чечимине пикирин билдирди. Акундун айтуусунда, ал кезде өлкөнүн акыйткатчысы катары Аскаровдун ишин көзөмөлүнө алып, коомдук иликтөө жүргүзгөн. Иликтөөнүн натыйжасында Аскаров милиционерди өлтүрүүгө катыштыгы жоктугу аныкталган.
“Бирок ал укук коргоочу катары оор кылмышты билип туруп, эч кандай чара көргөн эмес. Аскаров укук коргоочу катары киши өлтүргөн кылмышкердин улутуна карабай айыптап, жүзүн ачып берүүгө тийиш эле, бирок ал өз милдетин аткарган жок”, - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Турсунбек Акун Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук териштирүү бир жактуу жүрүп, далилдер жетиштүү деңгээлде иликтенбегендигин белгилейт. Анын айтуусунда, бул тууралуу өз кезегинде маалымдаган Акыйкатчы институтунун маалыматтарына кыргыз бийлиги көңүл бурган эмес.
“Ошол кездеги президент Отунбаева да, азыркы президент Атамбаев да каза болгон орган кызматкеринин туугандарынын жана жердештеринин сүрүнөн коркуп, Аскаров тууралуу чечкиндүү кадамдарга бара алышкан эмес”, деп белгиленет Акун тараткан билдирүүдө.
Мурдагы акыйкатчы Кыргызстан Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуусу керек деп эсептейт.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 21-апрелде абакта отурган кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга чакырган. Ага ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу да кошулган.(ZKo)