Март-апрель айларында Талас шаарынан жана Шекер айылынан эки жаш баланы кене чагып алган. Чаккан кенелерди Бишкектеги лабораториядан текшерүү учурунда алар Казакстанда кездешүүчү оору жуктуруучу кене экендиги аныкталганын Талас облустук санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Жакыпбек Айдаров “Азаттыкка” билдирди.
Бул кенелер Бишкектин четиндеги "Ала-Арча" жаратылыш коругунан мурда катталган. Ал эми Таласта мындай кене буга чейин катталган эмес. Ошондуктан, эпидемиологдор кене чакса, дароо жакынкы санитардык-эпидемиологиялык борборлорго кайрылууну айтышууда. Себеби, бул оору жуктуруучу кене адамдын аң-сезимин жабыркатуучу зыяндуу мителерге кирет. Бул кене чакканда адамдын дене табы 39-40 градуска жетип, эс-учун жоготот. Канчалык эрте дарыгерге кайрылса, ошончолук дарылануу жеңил болорун медицина кызматкерлери эскертишет.
Кене чаккан эки баланын абалы учурда канааттандырарлык.(SS)