Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Британ журналисти Орусиядан чыгарылууда


Британиялык The Calvert Journal интернет басылмасынын жана The Junket онлайн журналынын башкы редактору Артур Хаус визалык режимди бузду деп айыпталууда. Нижний Новгороддун соту аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарды.

Артур Хаус онлайн-журналистика боюнча акысыз лекциясынан кийин эле кармалган. Журналисттин адвокаты билдиргендей, Хаустун кармалуусуна анын Орусияга жумушчу визасы менен киргени себеп болгон. Мындай виза менен киргендерге агартуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилбейт.

Артур Хаус Calvert 22 кайрымдуулук фондунун өтүнүчү менен лекция окуган. Аталган фонд Орусия, Чыгыш Европа, Балкан жана Борбор Азия өлкөлөрүндө заманбап маданиятты өнүктүрүүнү колдоо боюнча иш жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG