Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Жалал-Абад: суу түтүктөрүн алмаштыруунун биринчи баскычы аяктады


Жалал-Абад шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализацияны кайра калыбына келтирүү долбоорунун биринчи баскычында 13,2 чакырым жерге суу түтүгүн куруу 90 пайызга аткарылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Садыр Айтбаев билдирди.

Анын айтымында, май айынан баштап, мурда казылган жерлерге асфальт төшөө иштери башталып, ал айдын аягында бүткөрүлөт. Экинчи максат – шаардагы Курманбек жана Чыңгыз Айтматов атындагы турак жайларга суу жеткирүү. Анын арты менен 236 суу эсептегичтери орнотулган үкөктөр аркылуу бардык жеке турак жайларга суу жеткирилмекчи.

Бул иштердин жалпы көлөмү 7 миллион еврону түзүп, аны Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы каржылоодо. (RsK)

XS
SM
MD
LG