Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Аба ырайы: күн жылуу болот


Бишкек шаары
Бишкек шаары

25-апрелде Кыргызстанда ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүзү +21…+26,

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүзү +20…+25 градус ысыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+12, күндүзү +23…+28 градус ысык болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүзү +14…+19,

Тоолуу Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүзү +13…+18 градуска чейин жылыйт.

Суусамырда түнкүсүн -3…+2, күндүзү +15…+20, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүзү 0…+5 градустун айланасында жылуу болот.

25-апрелде Бишкек шаарында ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 8…10° жылуу, күндүзгү температурасы 23…25° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG