Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Армения бир кылым мурдагы апаатты эскерди


Президент Серж Саргсян “бир кылымдан ашуун убакытта армян эли жаңы эл, жаңы мамлекет катары кайрадан калыптанганын” белгиледи.
Президент Серж Саргсян “бир кылымдан ашуун убакытта армян эли жаңы эл, жаңы мамлекет катары кайрадан калыптанганын” белгиледи.

Бүгүн Армения 1915-жылдагы кандуу окуяны эскерүүдө. Буга байланыштуу президент Серж Саргсян сөз сүйлөп, “бир кылымдан ашуун убакытта армян эли жаңы эл, жаңы мамлекет катары кайрадан калыптанганын” белгиледи. Ал ошондой эле азыркы чыңалган кырдаалга Азербайжанды күнөөлөп, “Карабактан армяндарды кууп чыгуу жана жок кылуу эч качан ишке ашпайт, армяндардын дагы жаңы геноцидине жол берилбейт” деп белгиледи.

Армян тараптын ырасташынча, 1915-жылы 24-апрелде Осмон империясынын күчтөрү баштаган канды булоондо 1,5 миллион армян жана жарым миллион түрк кырылган. Осмон империясынын мураскери саналган Түркия Еревандын «геноцид», башкача айтканда, армяндарды тукум курут кылуу максатында өлтүрүшкөн деген аныктамасына макул эмес.

Ушул айдын башында Азербайжан күчтөрү менен Армения колдогон жикчилдердин атышуулары күчөп, эки тараптан тең ондогон кишинин өмүрү кыйылган. Ок атышууну токтотуу боюнча Орусия ортомчулук кылган макулдашуу 5-апрелден бери жалпысынан сакталса да маал-маалы менен бузулуп келүүдө.

Негизинен армяндар жашаган Тоолуу Карабак Азербайжандан 1990-жылдардагы согуштун натыйжасында ажырап кеткен. Андагы уруштарда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG