Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Лондондо кыргыз чеберлеринин көргөзмөсү өтүүдө


Зергер Гүлсара Акматова-Дейвис
Зергер Гүлсара Акматова-Дейвис

Британ калаасынын чок ортосундагы Челси аймагында кыргызстандык чеберлердин көргөзмөсү чоң кызыгуу жаратты. The Artisan Art and Craft Fair аталышындагы көргөзмөнү карабалталык Марта Молчанова уюштуруп, Лондондогу кыргызстандык өнөр чеберлеринин башын бириктирди. Көргөзмөдө зергер Гүлсара Акматова-Дейвис, Ирина Смашная, Елизавета Хан жана Ася Дудко өңдүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлду. Британдыктар жыгач, кездеме, парафин, кагаз жана темирден жасалган буюмдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Лондондо жашаган зергер Гүлсара Акматова-Дейвис билдирди.

Көрүүчүлөрдүн айтымында, бөбөктөрдүн кийимдери, оюнчуктар, зергер буюмдар, айымдардын моюн орогучтары, тамак-аш жана сүрөттөр алардын купулуна толду.

XS
SM
MD
LG