Жыл башынан бери Нарын облусунун аймагында 175 кылмыш иши катталган. Бул өткөн жылдын ушул убагына салыштырганда 15ке көп.
Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Анара Күрүчбек кызы билдирди.
Катталган кылмыштардын 85 пайыздан ашыгынын бети ачылган. Анын ичинен мал уурулукка шектелип 20 кишиден турган 7 топ кармалып, алар 19 кылмыш жасаганы аныкталган.
Кылмыштуулукту кыскартуу боюнча аталган башкармалык атайын кеңешме өткөрдү. Анда тармактык кызмат башчыларынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ишинде кетирген кемчиликтери талкууланып, айрымдары жазаланды. (MiK)