Кыргызстанда жөлөкпулдун суммасын аныктап берүүчү электрондук эсептегич иштелип чыкты. Социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына коюлган атайын on line калькулятор боюнча ар бир жаран мамлекеттен жөлөкпул алууга укуктуубу-жокпу, эгер укугу бар болсо, канча сумма алышы керектигин эсептетип билсе болот.
Ай сайын төлөнүүчү социалдык төлөм боюнча иштелип чыккан мындай чаранын максаты – жемкорлукту алдын алуу.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда 440 миң жаран мамлекеттен түрдүү социалдык жардам алат, алардын 384 миңи – жөлөкпул алуучулар. (RK)