Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтүүдө


Комуз үйрөнүү.
Комуз үйрөнүү.

Улуттук Илимдер академиясында 25-апрелден тарта салттуу музыка жумалыгы башталды. Анын алкагында “Оозеки чыгармаларды изилдөө”аттуу илимий жыйын өтүүдө. Академиянын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиевдин айтуусунда, мамлекеттин өнүгүп-өсүшү үчүн батыштан идеология издеп кереги жок. Идеология салттуу музыка кирген көөнө маданиятта камтылган.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Казакстандагы Коркут-Ата университетинин профессору, искусство таануу илиминин кандидаты Саида Елеманова, Италия фольклордук союзунун президенти, профессор Маурицио Негро жана жергиликтүү илимпоздор, элдик аспаптардын чеберлери катышууда.

Быйылкы “Тарых жана маданият жылына” карата уюшулган илимий жыйында кыргыз жана казак салттуу музыкасын изилдөө боюнча илимий эмгектер окулду. (NT)

XS
SM
MD
LG