Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Түркияда 11 кыргызстандык кыз кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркиялык басылмалар Бодрум шаарында 11 кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулганын жазды. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кыздар өз каалоосу менен иштеп жүргөнүн айтууда.

Түркиянын Haberler гезити 24-апрелде кыздар Бодрум шаарында полициянын атайын операциясы маалында бошотулганын жазып чыкты. Жалпысынан он үч кыздын сексуалдык кулчулукта жүргөнү аныкталса, анын он бири кыргызстандык болуп чыкты. Ал эми калган экөө грузин жана өзбекстандык кыздар экени белгилүү болду. Кыздардын жашы 18 менен 25тин ортосунда. Түрк полициясы кыздарды сатуу менен акча тапкан адамды кармап, кылмыш иши козголгону кабарланды.

"Азаттык" радиосу Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Руслан Молдакуновго байланышып, кепке тартты.

"Азаттык": 24-апрелде Бодрум шаарында сексуалдык кулчулукта жүргөн 13 кыз куткарылганы, алардын 11и кыргызстандыктар болгонун түркиялык басылмалар жазышты. Силерде кандай маалыматтар бар?

Молдакунов: Башкы консулдук бул маселе боюнча Бодрум шаарындагы Мугла аймактык полициясына суроо-талап жөнөткөн. Азыр акыркы так маалыматтарды күтүп жатабыз.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынан 11 кыргызстандык кыз “сексуалдык кулчулуктан куткарылды” деп угуп, күч органдарынан алдын ала маалыматтарды алдык.

Белгилей кетчү жагдай, ал кыздар куткарылган эмес. Расмий маалыматта, алар баары өз каалоосу менен сексуалдык кызмат көрсөтүп жүргөн кыздар экени айтылып жатат. Полиция жүргүзгөн атайын рейдде кармалышкан.

"Азаттык": Демек кыздар менен жолуга элексиңер. Сиздер байланышкандан кийин кандай иш-аракеттер жүрөт?

Молдакунов: Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, колго түшкөн жарандар кармалганы тууралуу жазма түрдө кайрылышы керек. Он беш күн аралыгында алар депортацияланып, мекенине жөнөтүлөт.

"Азаттык": Ушундай окуялар сиздердин практикада тез-тез катталып турабы? Себеби Түркияда алдамчылык жол менен сексуалдык кулчулукка кабылган кыргызстандыктар бар экени тууралуу көптөн бери айтылып жүрөт.

Молдакунов: Сексуалдык кызмат көрсөткөн кыздардын маселеси жума сайын чыгып турат. Түркияда сойкулук менен алектенген биздин өлкөнүн кыздары көбүнчө бул ишке өз каалоосу менен барышат. Ошол эле учурда биз медиа аркылуу ата-энелерге, жарандарыбызга кайрылып, жумуш издеп кетип жатканда иш берүүчүнүн алдын ала убадаларын текшерүү зарылдыгын эскертебиз. Же жөн эле жумуш издеп туңгуюкка кептелбеш керектигин айтып келебиз.

Иштейм деп келип алып, бирок жумуш таба албай, айрымдар минтип сойкулукка өз каалоосу менен багыт алат. Алданып, кулчулукка кабылып калгандары да бар. Мисалы, өткөн айда эки жараныбызды куткарып, Кыргызстанга жөнөттүк.

"Азаттык": Жума сайын андай кыздарга кезигебиз деп жатасыз. Кыргызстандык кыздардын так саны барбы? Сиздер көзөмөлдөгөн аймакта, дегеле Стамбулдагы башкы консулдукта кандай маалыматтар бар?

Молдакунов: Жок, кыздардын так санын билбейбиз. Себеби, алардын көбү мыйзамсыз иштешет. Бизге каттоого да турушпайт, же кандайдыр маалыматтарын беришпейт.

"Азаттык": Кыздардын көбү өз каалоосу менен сойкулук кыларын айта кеттиңиз. Бирок кулчулукка кабылгандар да бар эмеспи. Алардын пайыздык көрсөткүчү кандай?

Молдакунов: Бул аябай аз көрсөткүч. Болжолдуу 3-5 пайыз болушу мүмкүн. Алардын көбү жумуш издеп, аргасыз бул жакка келгендер. Бирок жаман адамдар бардык жерде бар эмеспи. Ошентип тузакка түшүп калышат. Белгилей кетейин, Түркиянын мыйзамдары негизинен өз жарандарын коргойт. Мигранттардын кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдар дээрлик жок. Ошон үчүн көбү жашыруун жолдор менен келип, иштешет.

XS
SM
MD
LG