Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында бүгүн Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча кеңеш экинчи жыйынга чогулду. Анда бул багыттагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана аталган кеңештин биринчи жыйынында берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду.
Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө маданиятты өнүктүрүү аркылуу өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө болорун билдирди. Аталган кеңештин мүчөлөрү маданиятты көтөрүү боюнча сунуштарын ортого салышты. Талкуунун аягында мурдагы отурумда кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу өкмөттүн баяндамасы бекитилди деп кабарлайт президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү.
Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү кеңеши ушул жылдын 27-январында улуттук маданиятты өнүктүрүү, жаңы муунду тарбиялоо максатында түзүлгөн. Кеңештин төрагасы президент Алмазбек Атамбаев. (NT)