Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Өзбек багбаны өрүкзарга сабиз өстүрөбү?


Риштан базарындагы сабиз-пияз.
Риштан базарындагы сабиз-пияз.

Өзбекстанда дыйкандар менен багбандарга эми пахта талааларынын чекелерине, атүгүл бак арасына сабиз-пияз өстүрүү милдети жүктөлүүдө.

Өзбек өкмөтү өлкө бюджетине кирешени көбөйтүү максатында айыл чарба азыктарынын экспортун көбөйтүүнү көздөп жатат. Бийликтин пахта жана дан эгиндери үчүн бөлүнгөн жерлерге тийбей туруп, жашылча жана жер-жемиш өстүрүүнү көбөйтүү чечимине ылайык, эми дыйкандар пахта талаасынын чет-бучкагына, багбандар бак арасына сабиз-пияз өстүрүп, өкмөт белгилеген планды аткарышы керек. Бирок айрым багбандар көлөкөлүү бак арасына жер-жемиш өстүрүп, түшүм алуу дегеле мүмкүн эместигин айтууда.

"План 120 пайызга аткарылат"

Өзбек президенти ушул айдын жетисинде атайын жардык чыгарып, өкмөт башчы Мирзиёевге экспорттолчу жаңы жана кайра иштетилген айыл чарба азыктарынын көлөмү менен түрлөрүн көбөйтүү” милдетин жүктөдү. Буга ылайык “Узагроэкспорт” деп аталган жаңы тышкы соода компаниясы да түзүлдү.

Каримовдун бул жардыгын аткаруу үчүн жер-жемиш аянттарын көбөйтүү муктаждыгы чыкты. Бажы төлөмдөрү жана салыктан ар кандай жеңилдиктер берилген "Узагроэкспорт” компаниясынын кампасын толтуруу үчүн фермерлер менен дыйкан чарбаларга жер-жемиш өстүрүү боюнча өкмөттүк буйруктар түштү.

Президент жардыгында быйыл өкмөт 4, 077 миллион тонна мөмө жана жер-жемиштерин сатып алышы керектиги белгиленген. Ага ылайык, жыл соңунда фермердик чарбалар 2, 545 миллион тонна, дыйкан чарбалар 1, 532 миллион тонна айыл чарба азыктарын мамлекет белгилеген баада тапшырууга тийиш.

Учурда Өзбекстанда ушул милдетти фермер жана дыйкан чарбаларына бөлүштүрүү жараяны жүрүүдө.

“Азаттыктын” өзбек кызматына атын ачыкка чыгарбоо шарты менен сүйлөгөн самарканддык бир фермер азыр жер-жерлерде чогулуштар өтүп, өкмөт тапшырмасын 120 пайызга аткарам деген кагаздарга кол койдурулуп жактанын айтат:

- Тапшырманы 120 пайызга аткарасың, эгин талаасынын четине ашкабак, нокот, бак арасына картөшкө, помидор, сабиз-пияз эгесиң, балан тонна кошумча түшүм бересиң деп өкүмзордук кылып жатышат. Буга чейин мындай болгон эмес эле. Салык өлчөмдөрүн да беш барабар көтөрүшкөн, ансыз деле карызга батып отурабыз. Аларга түшүндүрүп атйсаң да угушпайт, "мамлекет саясатына каршы чыгасыңбы?" деп коркутканга өтөт.

Алма-өрүктүн астына помидор өсөбү?

Эс тартканы жер иштетип, өмүрүн багбанчылык менен өткөрүп жаткан бул кишинин айтымында, мөмөлүү бактын арасына сабиз-пияз эгип, анын түшүмү менен мамлекет планын аткаруу эгерим мүмкүн эмес:

- Мындай болбогон ой Ташкентте кеңседен чыкпай, өмүрүндө дыйканчылык кылбаган адамдын гана башына келиши мүмкүн. Картошка же помидор болобу ага суу керек. Тез-тез сугарып турбасаң түшүм болбойт. Бизде суу маселеси барган сайын кыйындоодо. Сууну каяктан алабыз? Анан да бак арасындагы жердин ашып барса 20-30 пайыз бөлүгүнө гана күн тиет. Көлөкөдө урук өнүп чыкканы менен түшүм бербейт. Муну кимге айтабыз, эч ким уккусу келбейт.

Буга чейин Өзбекстанда айыл чарбасында пахтачылыкка көңүл бурулуп келгендиктен багбан-фермерлер өкмөттүн мындай басым-кысымынан четирээк эле. Эми мурда пахтачы-фермерлерге түшкөн мүшкүл алардын да башынча түшчүдөй болуп калды.

- Азыр макул дегенден башка чарабыз жок. Түшүм тапшыруу маалы келгенде базардан сатып алып, өкмөт планын эптеп тапшырарбыз, же дагы акча берип кутулабыз. Болбосо биздин башыбызга да премьер-министр Мирзиёевдин айбалтасы түшөт. Азыр эми көптөгөн багбан-фермерлер бул абалдан жерин таштап кутулмакчы болуп турат, - дейт самарканддык багбан-фермер.

Өзбекстандын Айыл жана суу чарба министрлигинин маалыматына караганда, өкмөт быйыл жыл соңуна карай Орусияга экспорттолчу айыл чарба азыктарынын көлөмүн 500 миң тоннага жеткирүүнү көздөөдө. Бул былтыркыга салыштырганда эки жарым эседей көп. 2015-жылы Өзбекстан Орусияга жалпы наркы 300 миллион долларга тете 200 миң тонна айыл чарба азыктарын саткан.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG