Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Порошенко: Савченко мекенине бир нече апта ичинде кайтат


Украин президенти Петро Порошенко Орусияда соттолгон украин учкучу Надежда Савченко мекенине бир нече жуманын ичинде кайтып келиши ыктымал экенин билдирди.

“Азыр менде бир нече жума аралыгында менин өкүлдөрүм президенттик учак менен Надежданы Украинага алып келет деген бекем ишеним бар. Жеке мага жана көптөгөн украиналыктар үчүн бул чоң майрам болот деп ойлойм” деди Порошенко.

Анын айтымында, Савченкону бошотуу алгоритми акыркы жолу орус президенти Владимир Путин менен телефондон 18-апрелде талкууланган.

Бирок Кремль Киевдин билдирүүсүн азырынча эч кандай комментарийлей элек.

22-мартта орус соту Надежда Савченкону 2014-жылы Луганскта эки орусиялыкты өлтүргөн деген айып менен 22 жылга кескен. Ал өзү бардык айыптарды далилсиз деп атап келет.

18-апрелде Киевде орусиялык аскерлер Александр Александров менен Евгений Ерофеев ”Украина чыгышындагы калабаны уюштурууга катышы бар” деп 14 жылга абакка кесилген.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Москва менен Киев ошол эки аскерди Савченкого алмашуу боюнча сүйлөшүп жатканын кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG