Бүгүн Жогорку Кеңеште төрага тандоо талкууланат. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынынын күн тартибинде бул маселе биринчи болуп турат.
Төрагалык кызматка коалициялык көпчүлүктүн жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин “Ата-Мекен”, “Республика Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары колдоорун билдирди.
13-апрелде Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьерликке келгенине байланыштуу ЖК төрагасынын кызматын тапшырып бергенден бери бул орун бош турат.
20-апрелде көрсөтүлгөн "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресстин" башчысы Бакыт Төрөбаевдин алган добуштары тең чыгып калып, жаңы талапкер алып чыгуу чечими кабыл алынган. (RK)