Вальс ритминдеги музыканы угузуу менен наристелердин сүйлөө жөндөмүн арттырса болорун Сиетлдеги Вашингтон университетинин аспиранты Кристина Жао аныктап чыкты. Илимде буга «Моцарттын таасири» деген ат коюлган.
Бала төрөлгөндөн тарта классикалык музыканы угузуу анын мээсиндеги сүйлөө сенсорлоруна кошумча күч болуп бере алат. Бул изилдөөгө тогуз айлык 39 бөбөк катышкан. Алардын он тогузуна классикалык музыканы күнүнө 15 мүнөттөн угузушса, калган жыйырмасына балдар үчүн атайын ырларды коюп беришкен. Вальс, классикалык музыканы уккан балдардын тили беркилерге караганда эртерек чыкканы аныкталганын Medical Science журналы жазат. (BCh)