Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Венгриянын өкүлдөрү көчмөндөр оюнуна катышат


Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен президент Алмазбек Атамбаев,
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен президент Алмазбек Атамбаев,

Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто бүгүн Бишкекте президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон учурда билдирди. Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин ортого салышты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Петер Сийярто Венгриянын өкүлдөрү быйыл сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган II дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышарын ырастады. (NT)

XS
SM
MD
LG