Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Ооганстан талибдер менен сүйлөшүүдөн баш тартты


Ооган талибдери тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Пакистанга өз делегациясын жөнөткөнүн билдирди. Буга чейин Кабулда 64 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан кийин ооган бийлиги алар менен жолугушуу тууралуу айтпай калган.

“Талибдердин делегациясы Пакистанга келгенин билебиз. Бирок Пакистан бийлиги буга чейин берген убадаларын аткармайынча биз ал жакка барбайбыз” деди ооган президентинин маалымат катчысы Дава Хан Менапал.

“Талибан” өзүнүн куралчан делегациясын Пакистан бийлиги менен Ооганстанда тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Карачи шаарына 25-апрелде жөнөткөнү кабарланды.

Бирок ооган тарап пакистандыктар талибдерди тымызын колдоп жатат деп айыптоодо. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG