Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

«Ак Илбирс» сыйлыгына талапкер тасмалар аныкталды


Кыргызстанда «Ак Илбирс» киносыйлыгына талапкер тасмалар тандалды. «Айтыш» коомдук фондунан кабарлашкандай, 2015-жылы тартылган 15 фильм тандалып алынды. Толук жана кыска метраждуу, документалдуу тасмалар деген үч номинациянын ар биринде бештен тасма бар.

Толук метраждуу ленталар тизмесине “Разаков”, “Арзы”, “Биртууганчик”, “Асман алдында” жана “Сүтак” кирди.

Жеңүүчүлөр 13-майда жарыяланат.

“Ак Илбирс” улуттук киносыйлыгы быйыл бешинчи ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт. Негиздөөчүлөрү – Кыргызстандын кинематографисттер союзу, “Айтыш” фонду жана Кинону өнүктүрүү фонду. (RK)

XS
SM
MD
LG