Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Парламент спикерди шайлоого киришти


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында спикерге талапкерлер жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Алгач талапкерлерге сөз берилди. Азыр депутат Чыныбай Турсунбеков өз программасы тууралуу маалымат берүүдө. Андан кийин экинчи талапкер Исхак Масалиев сөз сүйлөйт. Масалиевдин талапкерлигин бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети жактырып, жалпы жыйындын кароосуна сунуштады. Аны “Өнүгүү-Прогресс” партиясы көрсөттү. Ал эми Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин КСДП, “Ата Мекен”, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан” фракциялары колдогон. (NT)

XS
SM
MD
LG