Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Крым татарларынын межилиси Киевге көчөт


Рефат Чубаров.
Рефат Чубаров.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку соту крым татарларынын Элдик межилисин экстремисттик уюм деп тапты. Мурдараак төмөнкү инстанциялар ушундай чечим чыгарган болчу. 26-апрелде Жогорку сот ал чечимдерди кубаттады.

Орусиянын Юстиция министрлиги өткөн жумада межилисти экстремисттик уюмдардын катарына кошкон.

Крым татарларынын лидерлеринин бири Рефат Чубаров межилис Киевге көчүрүлүп, Украина баш калаасында ишмердигин толук кандуу улантарын маалымдады.

Саны эки жарым миллионго жеткен крым татарлары жарым арал калкынын 12% түзөт. Көптөгөн татар активисттери 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин аймактан чыгып кетишкен.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Москванын крым татарларына карата кысымын сындап келет.

XS
SM
MD
LG