Лаогай изилдөө фонду кабарлагандай, 79 жаштагы Гарри Ву Гондураста достору менен эс алып жүргөн кезинде каза болду. Ал 1960-жылы СССРге союздаш болгону үчүн Кытай бийлигин сындап, андан соң камалган эле.
Саясий туткун деп сыпатталган Гарри Ву 1979-жылы боштондукка чыккан. Ал Кытай түрмөсүндөгү аёосуз кыйноолор жөнүндө маалымдап, абактагылар ачкалыктан өлүп жатканын, көбү өз жанын кыярын бир канча ирет белгилеп келген.
1985-жылы АКШга кетип, ал жактан туруп Кытай элинин тең укуктуулугун коргоого үн кошуп жүргөн. 1992-жылы Вашингтондо Лаогай аттуу изилдөө фондун түзгөн.