Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

Айфондун соодасы солгундады


Apple компаниясы 26-апрелде маалымдагандай, Айфон (iPhone) үлгүсүндөгү смартфондордун соодасы солгундады. Былтыр жылдын биринчи чейрегинде компания 51 миллион смартфон саткан болсо, быйыл андан 10 миллионго азайган.

Адистер буга Кытайдын суроо-талабы азайганын негиз кылып жатышат. Буга чейин Apple компаниясы чыгарган каражаттарына Кытайда талап күчтүү болчу.

Айфон смартфону 2007-жылы иштелип чыккандан бери өндүрүштөгү эң ийгиликтүү аппараттардын көч башында турат.

Компаниянын мүлк-дүнүйөсү былтыр 290 миллиард долларга бааланган жана 54 миллиард доллар киреше алган. Анда бардыгы 115 миң адам эмгектенет. 

 

XS
SM
MD
LG