Минск соту беларус активисти Дмитрий Палиенкону Орусияга каршы акцияга чыкканы үчүн жазалап, 215 доллардан ашыгыраак айыппул салды. Соттун чечиминде аталган акция мыйзамсыз уюштурулганы айтылат.
Палиенко 2-апрелде Минсктеги Орусия элчилигинин жанында уюштурулган акция катышуучуларынын арасында болгон.
Сот 26-апрелде дагы бир активист – Вячеслав Касинеровдун ишин карай баштады. Ал 8-апрелде Беларустун Тергөө комитетинин алдында пикет өткөрүп, “Фашисттерге каршы чыккандардан колуңарды тарткыла!” деген жазууну көтөрүп алган болчу. Ал өзүнүн достору саясий көз караштарынан улам кысымга кабылып жатканын айткан.