Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Сузактагы көчкү алты үйдү басып калды


Көчкү болгон жер. Сүрөтту жергиликтүү тургун Кылымбек Сарыбаш уулу тарткан
Көчкү болгон жер. Сүрөтту жергиликтүү тургун Кылымбек Сарыбаш уулу тарткан

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Алмалуу айылында бүгүн жер көчкү болуп, 15 жаштагы тургун мерт кетти. Ал мектептин 9-классында окуган Урмат уулу Эрлан экенин аймактык кабарчыбыз окуя болгон жерден кабарлады.

Көчкү жалпысынан алты үйдү басып калган. Дагы бир киши жараат алган.

Өзгөчө кыраалдар министрлиги кабарлагандай, алдын ала эскертүүлөрдөн улам тургундардын көбү коопсуз аймакка көчкөн эле.

24-апрелге караган түнү да Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат аймагында жер көчүп, бир сарай бузулган. Эки чабандын үйүнө кооптуу абал түзүлгөн эле.

Адистер жер көчкү коркунучу тууралуу 15-апрелден бери эскертип келет. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG