Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Сабир Атаджанов бүгүн, 27-апрелде премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен иштен алынды.
Анын ордуна бул кызматка Абдыкалык Рустамов дайындалды.
Атаджанов агенттикти 2012-жылдын январь айынан бери жетектеп келди.
Рустамов буга чейин аталган мекемеде жетекчи орун басары болуп иштечү. (RK)