Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Орусия БУУнун "кара тизмесине" эки уюмду киргизүүнү сунуштады


Виталий Чуркин
Виталий Чуркин

Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин «кара тизмесине» «Ахрар аш-Шам» жана «Жейш ал-Ислам» террорчул топторун киргизүүнү сунуштоодо.

“Буга Сирияда согушуп жаткан аталган уюмдар “Ал-Каида” жана “Ислам мамлекети” экстремисттик топтору менен тыгыз байланышта, алардан каржылык, материалдык-техникалык жана аскердик жардам алып жатканы тууралуу маалымат себеп болду” деп билдирди Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин.

Бирок Вашингтондун БУУдагы миссиясы мындай кадамга барууда этияттык керек экенин айтууда.

“Себеби Сирияда ок атышуунун токтошун туруктуу кылуу аракетине терс таасирин тийгизиши ыктамыл” дейт миссия өкүлү Эдгар Васкес.

Ал эми БУУдагы башка өлкөлөрдүн дипломаттарынын айрымдары Орусиянын бул сунушун Сирия оппозициясын экиге бөлүү аракети катары баалоодо.(RK)

XS
SM
MD
LG