Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

Алеппого жасалган аба соккудан 20 адамдын өмүрү кыйылды


Алеппонун козголоңчулар колундагы Фардоус району. 26-апрель, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колундагы Фардоус району. 26-апрель, 2016-жыл.

Чек арасыз дарыгерлер уюму билдиргендей, Алеппо шаарынын козголоңчулар карамагындагы бөлүгүндөгү ооруканага өткөн түнү жасалган аба соккудан кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын 14ү бейтаптар, алтоо медициналык кызматкерлер.

Бул маалыматты кеңсеси Британияда жайгашкан жана Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюму дагы ырастады.

Алардын кабарына караганда, ал-Кудус ооруканасына түшкөн бомбадан өлгөндөрдүн кеминде үчөө балдар, бирөө ошол жерде иштеп жаткан дарыгер.

Муну менен 22-апрелде Алепподо президент Башар Асаддын Орусия колдогон күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда уруш кайра жандангандан бери өлгөндөрдүн саны 133кө жетти.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын эсебинде, булардын ичинен 84 адам өкмөттүн аба соккуларынан, 49 киши козголоңчулар Алеппонун өкмөт карамагындагы аймактарын артиллериядан аткылоосунан улам мерт болду. (UE)

XS
SM
MD
LG