Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:57

Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп тапты


Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында өкмөттүн былтыркы жылдагы аткарган иши боюнча баяндамасы канааттандырарлык деп табылды. Ага жыйынга катышкан 59 депутат макул, 54ү каршы добуш берди.

Мындай бүтүмгө келер алдында эл өкүлдөрү отставкага кеткен экс-премьер-министр Темир Сариев жетектеген өкмөттүн өткөн жылдагы ишине баа берүү боюнча көпкө талашып-тартышты. “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” фракциялары терс баалоо тууралуу демилге көтөрүшсө, “Бир Бол” канааттандырарлык эмес деп тапты.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеште жылдык баяндама жасоого үлгүрбөй калды.“Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жана Бишкектен “Манас” эл аралык аэропортуна кетчү жолду оңдоо боюнча өткөн тендердеги мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан кетип, анын ордуна 13-апрелде Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп шайланган. (NT)

XS
SM
MD
LG