Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Казакстан: Актау шаарындагы митинг күч менен таратылды


Актөбө шаарындагы митинг. 27-апрель, 2016-жыл.
Актөбө шаарындагы митинг. 27-апрель, 2016-жыл.

Бул шаарда бүгүн ондогон адам казак өкмөтүнүн жерди жеке менчикке берүү планына каршы митингге чыккан эле. Чогулгандар президент Нурсултан Назарбаевди сындай баштаганда полиция кийлигишип, аларды күч менен таратты.

Мунун алдында кечээ Актөбө жана Семей шаарынын жүздөгөн тургундары өкмөттүн жерди 1-июлдан тарта аукцион аркылуу менчиктештирүү планына нааразылык билдирген.

Жер сатууга каршы митингдер 24-апрелде Атырау шаарында башталып, анда аянтка 1000дей адам чыккан.

Президент Нурсултан Назарбаев 26-апрелде жер сатылат деген “чагымчыларды” жазалоого көрсөтмө берип, Казакстанда чет элдиктер айыл чарба аянттарын келишимдин негизинде 10-25 жылдык мөөнөт менен ижарага гана алышарын ырастаган.

Бул аралыкта Казакстандын башкы прокурору Жакып Асанов бүгүнкү билдирүүсүндө “жерди менчиктештирүү жөнүндө жалган маалымат” таратуу кылмыш болорун эскертти.

Асанов ошондой эле Казакстанда эми чет элдиктер да жерди жеке менчикке алышы мүмкүн деген маалыматтарды “жалган” деп атады. (UE)

XS
SM
MD
LG