Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Талас: Чернобылчылар дарыланууга муктаж экенин айтышты


Талас шаарында бүгүн Чернобылдагы кырсыкты эскерүү иш-чарасы өтүп, ага облустагы кырсыктын кесепетин жоюуга катышкандар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Чернобылчылар Советтер союзу ыдырагандан кийин берилип жаткан жеңилдиктерге нааразы болушуп, жаш өткөн сайын ден соолук начарлап жатканын, дарыланууга муктаж экендиктерин, балдарынын саламаттыгы да жакшы эместигин билдиришти.

Бүгүн жергиликтүү бийлик сый-тамак уюштуруп, акчалай сыйлыктар берилди.Таласта 53 чернобылчы жашайт. Алар айына 4-7 миң сомдон жөлөк пул алышат. Чернобыл апаатына быйыл 30 жыл толду. 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыл атомдук станциясында жарылуу болуп, төртүнчү энергоблок иштен чыккан. Дүйнөдөгү атом энергетикасынын тарыхындагы эң ири кырсык катары бааланган окуянын кесепетин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Бүгүнкү күнү алардын бир жарым миңге чукулу калды. (NT/SS)

XS
SM
MD
LG